Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Күнөөлөө, айып коюу. [Каныбек].. өзүн өзү айыптайт (Жантөшев). Карабек акырында аялынын өзүн айыптай баштады (Каимов).
2. Айыпка жыгуу, айып тарттыруу (3-маанисинде). Боромбайдын Сарысын Күндө жейсиң айыптап (Токтогул). Күндө жейсиң айыптап Бутун журттун баарысын (Токтогул).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Айып коюу (кимдир бирөөгө), айыптуу экенин көрсөтүү, кылмыштуу, күнөөлүү деп эсептөө, айыпка жыгуу. Менин жоктугум үчүн башка бирөөнү айыптабагыла («Ала-Тоо»). Күндө жейсиң айыптап, Бүтүн журттун баарысын (Токтогул).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АЙЫПТАЛУУЧУ (КҮНӨӨЛӨНҮҮЧҮ) – кылмыш-жазык жүрүмүнүн катышуучусу. Белгилүү бир жактын кылмыш жасагандыгын көрсөтүүсү жетиштүү болгондо, тергөөчү ал жакты К. катары жоопко тартуу жөнүндө ынанымдуу токтом чыгарат. Кылмыш-жаза жүрүмүнүн борбордук субъекттеринин бири.