АЙТКАНЫН ЭКИ КЫЛБОО
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Атасынын айтканын эки кылбаган он бирдеги кызы менен тогуздагы уулу (Жигитов). Эл кадырлайт, этегиңди өбөт, «ажы аке» деп айтканыңды эки кылбайт! - деп Карасакал өзү да кубанычын жашыра албай, уурту тартыла жымыйып, эки көзү жайнады (Касымбеков). Өз ишин жакшы билет, айтканын эки кылбайт (Эралиев).