Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Чөп, саман же башка нерселерди сузуп көтөрүү, чачуу, чогултуу үчүн колдонулуучу бир нече ачалуу, узун сабы бар айыл чарба шайманы. Темир айры. Жыгач айры. Акман айрыны колуна кармай басып көчөнүн боюнан чыкты (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эки ача, эки айрык болуп турган, ачаланган. Жол айры болсо, иттин башы каңгы болот (макал). Көрүндү бир түп айры шыбак, жүгүрүп келди эки улак (Борбугулов). Алтымыш айры бугудай Шаңкайып турат сыягы («Манас»).