АЙМАК I
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Белгилүү бир территория, кандайдыр бир өлкөгө, административдик территориялык бөлүнүшкө караштуу жер. Танабай бул аймактын коён жатагына чейин билет, адаша койбос, ат чыдаса болду (Айтматов). Биздин районубуз республиканын борборунан ыраак жайгашкан тоолуу аймактын бири («Советтик Кыргызстан»). 2. Белгилүү бир чөйрө, бир нерсенин айланасы, айлана-чөйрөсү, тегереги. Жалгыз калар мен белем, Аймагымдан айрылып («Эр Табылды»). 3. Эл-журт. Алты миң түтүн катаган, Ат-Башы, Нарын жерине, Аймагы менен бүт консо («Эр Табылды»).