сын. Амалдуу, куу, амалкөй, эпчил. Зор айлакер Коңурбай, Жолдун баарын торгоду («Семетей»).
aylaker
dalavereci, hilekâr, düzenbaz
Амалдуу, куу, айла тапкыч, эпчил. Мадамин аке бу жагынан ашкан айлакер киши («Ала-Тоо»). Айлакер энем тилимди ал, Айтканым ушул билип ал («Семетей»). Зор айлакер Коңурбай, Жолдун баарын тороду («Семетей»).
зат. Амалдуулук, амалкөйлүк, эпчилдик. Асан карыянын аңгемесин уккандар Рыскулбектин... айлакердигине таң калышты (Аалы).
айлакердик, айлакерлик; айлакердиги, айлакерлиги, айлакердикке,айлакерликке
Айла таба билгендик, амалдуулук, амалкөйлүк, эпчилдик. Корчуда куулук да, айлакердик да жок (Токомбаев).
айлакердик менен бирдей. Калтабайдын айлакерлик, мансапкордук, ыкчылдык сапаттары эл оозунан угула баштаган (Токомбаев).