АЙДАТ I
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. айда I этишинин аркылуу мамилеси. Айдата кел бир жолу Тартууга берген малыңды («Курманбек»). Ач көз байды кулакка тартып, Айдатып жатты бир четтен жанчып (Абдыраманов). 2. өт. Такалбай, буйдалбай сүйлөө, ырдоо же бир нерсени машыккандык менен аткара билүү, иштей билүү. Шарипке Иранын орусча, кыргызчасын шакылдап айдатканы укмуштай сезилип турду (Бейшеналиев). Ниязалы сайраткан, Боз жоргодой айдаткан (Үмөталиев). Айдата жаза билген мыкты катчынын колу-колуна тийбейт («Ала-Тоо»). Айдат «Манастан», биз да башты бекер оорутпай жыргай түшөлү (Бейшеналиев).