Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Чочуганда, өкүнгөндө, күнөм санаганда, ыраазы болгондо ж.б. учурда айтылат. Ай ким билет ишенбей калдым сага (Байтемиров). Кичинекей кыз коркуп кетип: – Энеке ай! – деди (Сыдыкбеков). Балдардын билбестиги ай! (Сыдыкбеков). Ичкендин баары жайнаган, Ай, ракмат аккан суу (Барпы). Кагылайын каралдым ай, Кыз да болсо медерим («Эр Табылды»). 2. Бирөөнүн көңүлүн өзүнө буруу же тыйып коюу үчүн айтылат. – Ай, Батыш, сен эси жоктук кылба (Байтемиров). 3. Таң калгандыкты, шаттангандыкты, көңүл эргип, кубангандыкты билдирүү үчүн айтылат. Пай-пай, азаматтын жүрөгү ай! (Борбугулов). Ой бали ай, ашыктыктын ана күчү! (Осмонов).