АГЫНАЙ
Энциклопедия "Манас". ч.1.АГЫНАЙ — эпизоддук кейипкер, Саякбай Каралаевдин варианты нда Алмамбеттин жары Аруукенин атасы Каракандын (Каныкейдин атасы) бир тууганы делет. Семетей Таласка кетеринде А-дын Туучунак деген күлүгүн Сарытаз жактырып минип кетет.