Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жалпы эле улуу эркектер; аларга ызааттап кайрыла турган сөз. Асан абам андан эчтеме болгон жок (Токомбаев). 2. Өзүнөн  улуу  эркек  бир тууганы, аталаш агалары («байке» деген мааниде). – Мендирман абам! – деди да, бала тышка чуркады (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Көбүнчө азот менен кычкылтектин кошундусунан туруп, жердин атмосферасын түзүүчү газ сыяктуу зат. Таза абада жүрсөң, көңүлүң ачык болот, эч жериң оорубайт (Абдумомунов). Түн ортосу, аба салкын, ай жарык (Алыбаев). 2. Асман мейкиндиги, көк. Балдардын коңгуроолуу таза үндөрү жаңыра чыгып, абага көтөрүлдү (Сыдыкбеков). Абада куштай айланган, Учкуч болуп алсакпы (Барпы). 3. Климат. Абасы салкын, атыр жел, Ак кардуу жайык жерде экен («Олжобай менен Кишимжан»).