Биология терминдеринин орусча-кыргызча сөздүгү (ru-kg)

«Кыргыз Республикасында гуманитардык билим берүүнү өзгөртүү» ПРОГРАММАСЫ

 А. А. Алдашев 

Окуу курал «Кыргыз Республикасында гуманитардык билим берүүнү өзгөртүү» программасынын талаптарына төп келгендиктен «Кыргызстан — Сорос» фонду кыргыз тилине которуп чыгарып отурат.
Программанын демөөрчүсү белгилүү америкалык финансист жана
ойчул Жорж Сорос.
«Кыргызстан — Сорос» фонду бул окуу куралы боюнча өздөрүнүн ой-
пикирлерин, сындары менен сунуштарын айтуучуларга терең
ыраазычылыгын билдирет.

Бул сөздүктүн биринчи бөлүмүндө биология, зоология, анатомия, физиология, экология, генетика жана башка тармактар боюнча 5 миңден ашуун термин, экинчи бөлүмүндө 20 миңдей терминдин адегенде орусча, латынча жана кыргызча аталышы, андан кийин кыскача аныктамасы берилген. Сөздүк биология боюнча адистерге, биология жана агрозооветеринария факультеттеринин, ошондой эле медицина окуу жайларынын студенттерине, котормочу журналисттерге, жаныбарлар дүйнөсүнө кызыккан жалпы эле окурмандарга арналат.


Алтын жоготсоң — жерден табасың.

Сөз жоготсоң — кайдан табасың?

БЕТ АЧААР

 

Кыргыз тили мамлекеттик тил укугуна ээ болушуна эргиген автор, бул окуяга курулай эле кубана бербестен, бул иштин мындан ары да ийгиликтүү өөрчүшүнө кам көрүп, колунан келген салымын киргизүүнү атуулдук милдетим деп билип, ушул эмгегин элине тартуулайт.

Бүгүнкү күндө атайын орто жана жогорку билим берүү окуу жайларында окуу китептерди кыргызча жазууда жана орус тилинен которууда тармактар боюнча атайын терминологиялык сөздүктөрдүн жоктугунан адистер мындай баалуу сөздүккө өтө муктаж болуп жатышканы баарыга маалым. Китеп турмак, айрым лекциялардын тексттерин кыргызча түзүүдө көптөгөн окутуучулар кыйналууда. Ушундай кырдаалда бул сөздүк биология, айыл чарба жана медицина тармактары боюнча кыйла жардам бере алат деген ишенимдемин. Бул эмгектин эч кандай кемчилиги жок деп мактануудан таптакыр алысмын. Албетте, эч качан телегейи тегиз адабий эмгек болгон
эмес. Бул да, ошолор сыңары эле, кемчиликтен куру эмес. Талаш маселелер да бар. Ошентсе да, сөздүк Терминком тарабынан кубатталып, мурда жарык көргөн (“Биологиялык терминдердин сөздүгү", 1961, "Ветеринария илимдеринин орусча-кыргызча сөздүгү", 1964, "Мал чарбасы жана ветеринария терминдеринин орусча-кыргызча сөздүгү", 1980, 1989, "Биологиялык терминдердин орусча-кыргызча сөздүгү 1, 2 том, 1987, 1990) эмгектеринин негизинде жаралгандыктан, одоно каталар, лексикографиядан четке чыккан өөндөрү жок го деп ойлойм... Бирок алар жөнүндө калыстар пикирин айтаар деген үмүттөмүн.

Биология, зоология илимдеринин акыркы жылдардагы жетишкендиктерине таянып, мүмкүн болушунча, бул сөздүктө айбанаттын таксономиялык абалын тактап, мурдагы "Биологиялык терминдердин орусча-кыргызча сөздүгүндө" кетирилген каталарды жана кемтиктерди колдон келишинче оңдодум. Калган кошумча-алымчаны калктан күтөм!

Ботаника боюнча терминдерди, башка авторлор коллективи иштеп
жаткандыктан, бул сөздүккө атайын киргизген жокмун.

       

         Автор

02.06.1997-ж. Бишкек калаасы.


КИРИШ СӨЗ

 

Терминология сөздүгүн жаратуу процессине сарып кылынган эмгектерди баалоо боюнча ушул күнгө чейин бир да пикир жок. Байыртан бери жазуусу бар маданиятынын мурасы: китептер, сүрөттөр көркөм өнөрчүлүктүн ж.б. түрлөрү тарыхый күбө болуп, жаңы замандарда ошолордун негизинде жаңы мазмундар, сапаттар менен улуттук маданий казынасын байытып келаткан элдер үчүн, азыркы кезде илимдин, маданияттын жана техниканын ар түрдүү тармагы боюнча терминология сөздүгүн жазуу эмгегин, акыйкатта түзүүчү эмгек, анын авторун түзгүч деп айтуу абзел. Бул учурда автор негизги терминдерди алардын теңдештерин жазуу түрүндө сакталган улуттук адабий фондудан табат, калгандарын адабиятта белгилүү эл аралык терминдер менен толуктайт. Демек, автордун карамагында пайдалана турган материалдар даяр, алардын ичинен тиешелүү, керектүүлөрүн ыгы менен терип алуу, негизинен, автордун түзүүчүлүк жөндөмдүүлүгүнө жараша болот. Ал эми, мурдатан басма адабияты жок, өздөрүнүн маданий кенчин, тарыхын кылымдар бою укум-тукумдарына бетме бет, оозеки өткөрүп келаткан элдердин жазма адабиятын жаратуу канча татаал жана оор экендиги өзүнөн өзү белгилүү. Андай болгон соң, атайын терминологиялык сөздүктөрдү жаратуу андан беш бетер кыйын экендиги шексиз. Мында автордун кол алдында эч кандай жазылуу адабияттын булагы жок, ал сандаган табышмакка жандырмакты туура табуу үчүн, өзү гана иликтеп, эл аралап, фольклор жыйнап, байыркы жомокторду угуп, тили тектеш элдердин адабий байлыгын казып, тиешелүү багытта көп түйшүктүү, оор илимий изилдөөлөр жүргүзүүгө мажбур. Мына ошентип, бул учурда атайын терминологиялык сөздүктөрдүн авторунун эмгегин накта илимий изилдөө эмгек деп, автордун өзүн түзгүч эмес, — "термин жараткыч" деп атасак, адилеттүү чындык болоор. Мындай эмгектерди жаратып жүргөн авторлорго, алардын редакторлоруна жогорудагы пикир авторлук укук талашууда юридикалык негиз болоорунда шек жок.

Кыргыз тилинде тармактар боюнча терминологиялык сөздүктөрдү түзүү иши үстүбүздөгү кылымдын отузунчу жылдарында башталганы менен ушул күнгө чейин
бул маселелер боюнча олуттуу ийгиликке жетише элекпиз деп айтсак, анча жаңылышпастырбыз. Мунун себептери түрлүүчө. Анын баарын талдап отуруунун кажети жок. Ошондой болсо да, окурмандардын маалыматына, төмөнкү бир чекене маселени келтире кетүүнү ылайык көрдүк.

Биология, кала берсе, зоология боюнча орусча-кыргызча терминология сөздүгүн
түзүү иши 1934-1936-жылдарда эле башталган. Кыргыз АССР Эл Комиссарлар Советинин алдындагы Терминологиялык комиссиянын чечими боюнча Мураталиев жана Д. П. Дементьевдер тарабынан жазылган зоологиялык алгачкы терминдердин тизмесин ушул саптардын автору, ал кезде Кыргызстан айыл чарба институтунун студенти, 1937-жылы редакциялаган болчу. Бирок ал эмгек авторлордун же редактордун айыбынан эмес, ошол кездеги тарыхта белгилүү бир чоң адилетсиздиктин кесепетинен басмадан жарык көрбөй калган.

Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын Терминологиялык комиссиясынын тапшыруусу боюнча: А. А. Алдашевдин "Биологиялык терминдердин сөздүгү" биринчи жолу 1961-жылы долбоор катарында кубатталып, басмадан жарык көргөн. Ал эмгекке коюлган негизги талап, биология, зоология боюнча орто мектептерде колдонулуучу окуу куралдарын атайын терминдер менен камсыз кылуу болчу. Өз убагында окурмандар, адистер, сынчылар, сөздүктү жылуу кабыл алышып, сын катарында ой-пикирлерин айтышкан. Андан бери кырк жылга жакын убакыт өттү. Азыр илимдин түрлүү тармактары дүркүрөп өсүүдө. Кыргыз тилинде биология, зоология боюнча оригиналдуу эмгектер, котормо адабият жылдан жылга көбөйүүдө. Алты томдук "Кыргыз советтик энциклопедиясы" басмадан жарык көрдү. "Манас" эпосунун төрт томдугу которулуп, орус тилинде басмадан чыкты. "Советтик энциклопедиялык сөздүк" кыргыз тилине которулуп, төрт том болуп чыкты. Мына ушул өсүштөрдүн баарысы атайын терминологиялык сөздүктөргө жаңы, көлөмдүү, оор талап коюуда. Ошого байланыштуу "Биологиялык терминдердин сөздүгүнүн" долбоорунда (1961-жыл) коомчулук тарабынан айтылган каалоолорду эске алуу менен катар автор дагы отуз жылдан ашык убакытты атайын иликтөө иштерине арнап, көп сандаган экспедицияда болуп, эл арасындагы уламалар, сөз билгилер, укумчулдар менен аңгемелешип, ооздон оозго өткөрүп келаткан мурас айыңдардын, уламыштардын арасынан кыпындай терминдерди терип, алардан айлана-чөйрөбүздөгү айбанатка тиешелүү теңдешин (эквивалентин) ылгап, орусча жана латынча илими аттарына ылайыкташтыруу ишин жүргүздү. Аны менен катар, кыргыздын өтө бай адабияты "Манас", "Семетей", "Эр Төштүк", "Курманбек", "Жаныш-Байыш", "Эр Табылды", "Сарынжы-Бөкөй", "Жаңыл мырза" ж. у. с. эпосторунан ж-а эски кол жазма, басмадан чыккан көркөм адабияттан далай сонун терминдерди издеп тапты. Булардан башка, кыргыздын төкмө акындары Токтогул, Калык, Осмонкул, Алымкул ж. б. чыгармаларын, жазма акындары Молдо-Кылыч, Алдаш Молдо, Тоголок Молдонун казалдарын, нускалуу тамсилдерин, манасчы Саякбай Каралаевдин "Бүркүттүн тою" жана да кыргыз советтик адабиятынын классиктеринин дастандарын терминологиялык позиция менен окуп чыгып, кыргыз тили биологиялык терминдерге, айрыкча айбанат аттарына кыйла бай тил экенине көзү жетти.

Автордун ошондой оор түйшүгү ишке ашырылып жаткан мезгилде СССР Илимдер Академиясы тарабынан алты томдук "Айбандардын тиричилиги" да жарык көрдү. Бул эмгектер кийинки классификациялык тартипте жазылып, зоология илимдеринин түрдүү тармактары боюнча эң акыркы жетишкендиктери кеңири берилгендиктен, автордун жазыла баштаган сөздүгүнүн көлөмүн да, архитектоникасын да, ушул капиталдык эмгектерге ылайыктап өзгөртүүгө туура келди. Буга алты томдук "Кыргыз совет энциклопедиясынын" жарыкка чыга башташы да түрткү болду. Ушулардын баарысын колдон келишинче камтыган эки томдук "Биологиялык терминдердин орусча-кыргызча сөздүгү" 1987, 1990-жылдары басмадан аз нускада чыкты. Кыргызстандагы тарыхый зор маанилүү окуялардын бири — 1989-жылдын 21-августунда кыргыз тили Мамлекеттик тил укугуна ээ болду. Республиканын эл чарбасынын ар бир тармагынын алдына кыргыз тилин милдеттүү түрдө колдонуу талабын койду. Талапты ишке ашыруу үчүн адабий тилибиздин кыргызча тармактык терминдеринин сөздүктөрүн шашылыш чыгаруу зарылчылдыгы туулду. Ушуга таянып автор жогорку эмгегин
«кеңейтип», жаңы талаптарга ылайык кайра түзүп, көп кошумча, алымчаларды, оңдоолорду, тактоолорду киргизди.

Сөздүктү жаратып жаткандагы эң оор маселелерден болуп айбанаттын номенклатурасынын кыргызча теңдешин табуу болду. Терминологиялык бөлүмү тигиге караганда кыйла жеңил экен. Эл аралык Комиссиялар бекиткен интернационалдык терминдер биздин улуттук тилибизге да таандык болгондуктан, биз мүмкүн болушунча өзгөртпөй сактап, кыскача түшүнүгүн кыргызча бердик.

Бул эмгекти жаратууда кезиккен татаал маселелерди илимий негизде чечүү үчүн колдонгон принциптер жөнүндө бир аз токтолмокчубуз.

Биринчиден, айбанаттын жалпы кыргызча белгилүү аттарын жана көп жылдар бою автор улуттук фондудан чогулткан аттардын орусча теңдештерине тууралап берүү. Мисалы: аисты — куназдар, вяхирь — алагүү, жаворонок — торгой, каменки — чакчыгайлар, огарь — аңыр, пантера — кабылан, ремез — куркулдай, тигр — жолборс, чеглок — жагалмай, шакал — чөө, як — топоз ж. у. с.

Экинчиден, түрк тилинде сүйлөшкөн: казак, татар, башкыр, өзбек, хакас, алтайлыктар, туба, түрк ж. у. с. улуттарынын улуттук терминологиялык сөздүктөрүнөн жана зоология боюнча окуу китептеринен башка да жомокторун, эпосторун окууга туура келди. Ошонун натыйжасында бир кыйла зарыл терминдер жана айбанаттын аттары сөздүккө киргизилди. Мисалы: айнакөз — сельдь, кертме — белуга, койбалык — жерех, мекире — осетр, тыраң — лещ, чокур — севрюга, чортон — щука (казакча), абырган — летяга (тубача), сом — лосось (түркчө) ж. у. с.

Биздин фольклордук адабиятта Кыргызстанда жок кыйла айбандардын аттары учурайт. Мисалы: багыш, букакийик, булан, буудайык, кабылан, керик, киш, көк жал, сыягуш, шүдүнгүт. Бул аттар кайсы айбандарга таандык экени бизге тили уйкаш элдердин адабияты менен таанышуудан такталды.

Эскерте турган дагы бир маселе, тыйын менен тыйынчычканды чаташтырууга болбойт. Биздин байыркы тарыхыбызда тыйын (белка) деген айбандын териси акча бирдиги катарында жүргөн. Орто Азиядагы кыргыздарда акча бирдигинин термини сакталып, бирок анын заттык түшүнүгү тери эмес металлга айланган. Ал эми "тыйынчычкан" деп "сусликти" атайбыз. Дагы көңүл бура турган нерсе, кээ бир терминдин сөздүк белгиси орусча да кыргызча да бир болгонун кезиктиребиз. Мисалы: "сом", "сазан", бирок биз орусча номенклатура "сом" болсо, анын кыргызча тендешин "жаян", "сазанды" — "каңылтыр" деп беребиз, кыргызча "сом" орусча "лосось", кыргызча "сазан" — орусча "маринка" деген балыктарды түшүндүрөт.

Үчүнчүдөн, эгерде терминдердин жана номенклатуранын тендештери кыргыз тилинен жана тектеш тилдерден табылбаса, бирок орусчасын өзгөртпөй калтыруунун зарылдыгы болбосо, алар кыргызчага сөзмө сөз которулуу. Мисалы: бабочки булавоусые — чокмор муруттуу көпөлөктөр, вдовушки — тулдар, гладкоголовые – жылма баштуулар, десятиперовые — он канаттар, желтохвосты — сары куйруктар ж. у. с.

Төртүнчүдөн, жогорку эле категориядагыдай учурларда, кай бир айбанга кыргызча жаңы ат коюу. Эл аралык эреже боюнча өз тилинде биринчи сөздүк түзгөн, ар бир улуттук автор акылуу. Ушул укуктан пайдаланып, улуу систематик К. Линнейдин принциптерине таянып, айбандын морфологиялык, физиологиялык, экологиялык ж. б. биологиялык өзгөчө касиеттерине ылайыктап кыргызча ат койдук. Мисалы: ага — дөө курбака, амадина зебровая — наардуу өрмөкчү, бабочницы — майда чиркейлер, верблюдки — төөмоюндар, гверецы — кооз маймылдар, дегу — келестыйын, жерлянки — шаңкай курсактар, зуйки — мойноктор, кавии — доңузчычкандар, ленточник тополевый — терекчил калдыркан. Сөздүктө булардын саны 3,5 миңден ашык.

Бешинчиден, айбанаттын илимий номенклатураларына (латынча аттарына) ылайыктап кыргызча ат койдук. Мисалы: ручейники (Trichoptera) — түкканаттар, сепия обыкновенная (Sepia Officianalis) — дары сепия, сухонос (Anses Sygnoides) — куусымак каз, харза (Mates flavigula) — сары төш суусар ж. б.

Алтынчыдан, кыргызча аты жок же термининин теңдеши жок интернационалдык номенклатураларды жана терминдерди орус адабиятында кандай колдонсо, ошондой бойдон сөздүккө киргиздик. Мисалы: абсцесс — абсцесс, батагур — батагур, вольвокс — вольвокс, тугун — тугун, чиж — чиж, ж. у. с.

Жетинчиден, мурдагы долбоордо жарыяланган терминдерге жана айбанаттын аттарына сын көз менен карап, кээ бирлерин жаңы терминдер жана аттар менен алмаштырууну ылайык таптык. Мисалы: "млекопитающие" мурда "сүт эмүүчүлөр", "Птицы" — "канаттуулар", "насекомые" — "курт-кумурскалар" деген термин менен берилип келген. Бул терминдер биздин кылымдын отузунчу жылдарында биология боюнча орто мектептер үчүн окуу китептерин орусчадан кыргызчага которууда жаралган эле. Бирок өз убагында кеткен жаңылыштыктар кийин илимий жагынан текшерилип сынга алынбастан, адабиятыбызга кеңири тарап кеткени белгилүү.

Чынында "сүт эмүүчүлөр" деген орусча оригиналдын бурмаланып которулган калькасы. Эгер мунун кыргызчадан орусчага туура калькасын берсек "молокососущие" болуп калат. Демек, биологиялык классификацияга бул "термин" туура келбей жатпайбы, анткени айбанаттын бул классына "сүт эмүүчүлөр" эмес — "сүт менен тамактандыруучулар", б. а. балдарын өз денесинде жаралган азык — сүт менен багып чоңойтуучу айбандар кирет. Ал эми адабиятыбызга сиңип кетти деген ой менен өзгөртпөй "сүт эмүүчүлөр" бойдон калтырсак, анда малдын эмчегине жабышып сүтүн ичүүчү айбандардын, мисалы: козодой — байкуш, сүтак (куш), варан — эчкемер (кескелдирик), желтопузик — сары жылан ж. б. ушул класска киргизип, айбанаттын дүйнөлүк илимде колдонгон систематикасын бузган болобуз. Ошондуктан, биз айбанаттын бул классынын латынча (маммалия, мамма — желин, эмчек деген мааниде) атын кыргызча калькалап которуп, "млекопитающие" дегенди "желиндүүлөр" деп бердик. Бул термин биздин оюбузча башка варианттарга, кала берсе "сүт эмиздирүүчүлөр" же "эмчектүүлөр" дегендерге караганда, өтө ийгиликтүү табылга болду. Эгер биз акыркы эки варианттын кийинкисин алсак, анда баштыкчан айбандар бул класска кирбей калуучудай, себеби, булардын кызыл эт балдары баштыктын ичинде чоңойгон мезгилде, баштыктын курсак жак боорундагы упчусу жок желинден сызылып чыккан сүттү эмбестен, тили менен жалап гана тамактанышат. Жаңы терминдин дагы бир артыкчылыгы лингвистикалык жагынан: мурдагы эки сөздөн турган термин азыр бир гана сөз менен берилди.

"Птицы", "Насекомые" деген терминдердин кыргызча теңдештеринин тарыхы деле жогорудагы сыяктуу. «Птицы» — «канаттуулар» дегенди кайра орусча которсо — "крылатые" болуп калат. Андай болсо: чымын, коңуз, чегиртке, көпөлөк, жарганат, б. а. канаты менен учуп жүрүүчү айбандардын баарысы "Птицы" классынан орун алууга тийиш. Минтип систематикага чалмакей чалууга бизге ким укук берет? Ошондуктан, "Птицы" — "куштар" деген термин менен берилди. Бизге уйкаш тилдүү элдердин сөздүктөрүндө да "кушлар" (татарча), "кустар" (казакча) болуп берилген жана биздин фольклордук адабиятыбызда да "куш", "куштар" деген "птица", "Птицы" маанисин берет, мисалы: "куш төрөсү буудайык", "куш эти — мүнөз", "миң түркүн куш сайраса".

"Насекомые" деген терминге "курт-кумурска" такыр эле тендеш эмес, себеби "насекомые" классында бир да курт жок. Ошондуктан, Терминкомдун биологиялык секциясында окумуштуу энтомологдордун катышуусу менен бул маселени кеңири талкуулап, акыры, "каскактар" деген терминди ылайык таптык.

Сөздүктөрдө колдонгон эреже боюнча ар бир өзүнчө кеңири мааниге ээ болгон термин, айбан аты өзүнчө уюк ээледи. Уюкта биринчи орунду орус термини, анан кашаанын ичинде айбандын илимий атынын латынчасы, кашаа жабылгандан кийин тире коюлуп, айбандын кыргызча аты, же терминдин кыргызча эквиваленти берилди. Андан соң кыскача чечмелөө жазылган. Ошол эле уюкта тектеш айбандардын орусча уйкаш аттары, алардын кыргызча эквиваленттери, латынча коюлган аттары да саналган. Жазылышы окшош, бирок айрым мааниге ээ терминдер да бир уюктун ичинен орун алышкан. Синонимдер өзүнчө уюк ээлесе да, чечмеленбестен, к. (караңыз) деген тамга менен шилтеме негизги терминге, номенклатурага жиберилген. Мисалы: Арахниды — к. Паукообразные, Аргазиды — к. клещи аргасовые, уюк Клещи жана ушул сыяктуу.

Бул сөздүктү түзүүдө автор жогоруда келтирилген адабий булактардан тышкары, жалаң гана сөздүктөр боюнча атайын төмөнкү адабияттарды пайдаланды: Вл. Даль "Толковый словарь...", төрт томдук "Словарь русского языка", С. И. Ожегов "Словарь русского языка", Д. Н. Ушаковдун редакциясы менен чыккан "Толковый словарь русского языка", "Большая Советская энциклопедия", "Ветеринарная энциклопедия", К. К. Юдахин "Кыргызча-орусча сөздүгү", К. К. Юдахиндин редакциясы боюнча чыккан "Русско-кыргызский словарь", Э. М. - Э. Мустафаев, В. Г. Щербинин "Русско-турецкий словарь", А. А. Пальмбахтын редакциясы менен чыккан "Русско-тувинский словарь", "Тувинско-русский словарь"; Н. А. Баскаковдун редакциясы менен чыккан "Ойротско-русский словарь", И. В. Лехин менен Ф. Н. Петров түзгөн "Словарь иностранных слов", А. М. Малинин түзгөн "Латино-русский словарь" С. И. Вольсфсон түзгөн "Латино-русский медицинский словарь", Т. Мусакулов "Русско-казахский словарь биологических терминов", төрт томдук "Энциклопедический словарь медицинских терминов", С. Арзымбетов "Русско-казахский сельскохозяйственный словарь", С. Ш. Шамбетов, Р. А. Айдарова, У. Убукеева "Ботаникалык терминдердин жана өсүмдүктөрдүн аттарынын орусча-кыргызча сөздүгү", "Советский энциклопедический словарь", "Биологический энциклопедический словарь", "Краткий философский словарь" жана башкалар.

СӨЗДҮКТӨ КОЛДОНУЛГАН КЫСКАРТУУЛАР

Анат. — анатомия

Ант. — антропология

Биол. — биология
Биоф. — биофизика
Биох. — биохимия
Бол. — болезнь

Вет. — ветеринария

Ген. — генетика

Гисг. — гистология

Дар. — дарвинизм

Жив. —  животноводство
Зоогеогр. — зоогеография
Зоол. — зоология
к. — караңыз
Мед. — медицина
Морф. — морфология
Микробиол. — микробиология

Палеонт.— палеонтология
Раст. —  растениеводство

Сист. — систематика
Такс. — таксономия
Физ. — физика
Физиол. — физиология
Хим. — химия
Цит. — Цитология
Эвол. — эволюция
Экол. — экология
Эмбр. — эмбриология
Этол. — этология