Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү (1969-ж.),(kg-kg)

БАШКЫ СӨЗ

 

Кыргыз тили Совет бийлигинин жылдарында гана илимий изилдөөнүн объектисине айланды. Ал эми кыргыз лексикасынын байлыгын жыйноо, аны системага келтирип, сөздүккө камтуу иши академик К. К. Юдахин тарабынан негиз салынган жана кырк жыл бою талыкпай өнүктүрүлүп келген кыргыз лексикографиясынын иши менен бирдикте жүргүзүлүп келди. Кыргыз элинин тарыхында биринчи ирет пайда болгон «Кыргызча-орусча сөздүктүн» (М., 1940) материалдарын К. К. Юдахин 1920-жылдардан баштап жыйноого киришкен. Ал кезде жаңыдан гана жаралып, өнүгүү жолуна түшүп келе жаткан күндөлүк басма сөз, окуу китептери, адабий чыгармалар кыргыз лексикасынын ошол учурдагы абалын толук элестете алгыдай деңгээлге жете элек болчу. Ошондуктан бул сөздүктүн материалдары көбүнчө калктын оозеки речинен, фольклордук чыгармалардан — эпостордон, жомоктордон, элдик ырлардан, макал-ылакаптардан ж. б. жыйналып алынган эле. Ошондой болсо да бул сөздүк кыргыз лексикасынын өз учурундагы абалын мыктап көрсөтө алган жана жалпы тюркологиялык аренада бир канча жылдар бою алдына ат салбаган, теңдеши жок сөздүк катарында бааланып келди.

Бирок автор кыргыз лексикасынын байлыгын жыйноону жана изилдөөнү муну менен эле токтотуп койгон жок, анткени турмуштун тынымсыз алга карай жылышы, элдин маданий деңгээлинин, улуттук басма сөздүн, кыргыздын жазма адабиятынын, илим менен техниканын күн сайын кубаттуу өнүгүшкө ээ болушу менен кыргыз лексикасы да өзгөрдү: анын байлыгы күндөн күнгө артуунун, жаңы сөз каражаттары менен толукталуунун үстүндө болду, көп сандаган сөздөр семантикалык жана стилдик жылыштарга ээ болуп келди. Буларды К. К. Юдахин 1965-жылы экинчи ирет басылып чыккан «Кыргызча-орусча сөздүгүндө» толугураак камтып, тилдик маданияттын сан жана сапат жагынан болгон кубаттуу өнүгүшүн кеңири фактылардын негизинде жеткире талдап бере алды. Бул сөздүк оригиналдуулугу, материалдарынын толуктугу жана кыргыз элинин тарыхына, этнографиясына, маданий байлыктарына, дүйнөгө көз карашына ж. б. байланыштуу болгон илимий фактылардын, этнографиялык справкалардын кеңири берилиши менен өзгөчөлөнгөн капиталдуу иш катарында 1967-жылы Мамлекеттик сыйлык алууга татыктуу болду.

Кыргыз адабий тилинин жаңы лексикалык байлыгы Улуу Октябрь социалисттик революциясынын жеңиштүү салтанаты менен гүлдөгөн социалисттик улутка айланган кыргыз элинин маданий жана материалдык байлыктарынын ачык-айкын далили болуп саналат. Ошондуктан кыргыз лексикографиясы тилдин сөздүк составынан орун алган жаңы сөздөрдү, жаңы сөз маанилерин сөздүктөргө толугураак камтуу аркылуу коомдук турмуштун бул сыяктуу ийгиликтерин даана көрсөтүү милдетин ар дайым биринчи планга коёт.

Кыргыз лексикографиясында белгилүү мезгилге чейин эки тилдик (котормо) сөздүктөр боюнча гана иш жүргүзүлүп келген болсо, кийинки он жылдын ичинде анын багыты түшүндүрмө сөздүктү түзүү иштери аркылуу кеңитилди. Ал эми К. К. Юдахиндин жогорку айтылган сөздүктөрү кыргыз лексикографиясындагы жаңы багыт болуп саналган түшүндүрмө сөздүктүн ишине зор таяныч болду. Биринчиден, Тил жана адабият институтунун сөздүктөр боюнча секторунда 1957-жылдан тарта жыйнала баштаган картотека (түшүндүрмө сөздүктүн материалдык базасы) К. К. Юдахиндин ушул сөздүктөрүнүн материалдары аркылуу толукталып келди. Экинчиден, түшүндүрмө сөздүккө алынган сөздөрдүн, фразеологизмдердин маанилерин ажыратуу жана алардын тийиштүү түшүндүрмөсүн берүү жагына да бул айтылган сөздүктөр активдүү көмөк көрсөтө алды. Бирок, тилекке каршы, К. К. Юдахиндин кыргыз лексикасынын байлыгын кеңири камтыган кийинки (1965-жылы жарыкка чыккан) көлөмдүү сөздүгү бул түшүндүрмө сөздүктү түзүү иши толук аяктап, редакциялоо иши бир топ илгерилеп калган кезде гана колго тийгендиктен, анын бардык материалдарын бул сөздүккө камтууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

Тил маданиятынын байлыгы калктын бүткүл турмуш тарыхы менен өмүрлөш, ал элдин нечен кылымдар бою өнүктүрүлүп, калыптанып отурган маданий жана материалдык байлыктары, аң-сезими, ой-пикири, коомдук турмушу, башка элдер менен болгон байланыш-катнашы ж.б. жактары менен тыгыз байланыштуу. Мына ошого жараша тилдин лексикалык составы да ар дайым бир калыпта турбайт. Бирок тилдин лексикалык составынын бардык мезгилдеги абалын бир гана сөздүккө камтып көрсөтүү мүмкүн эмес. Адатта ар кандай сөздүк тилдин белгилүү бир доордогу гана лексикалык абалын көрсөтүүгө тийиш.

«Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүнүн» бул бир томдугуна кыргыз лексикасынын азыркы кезде активдүү колдонулуп жүргөн бөлүгү, тактап айтканда, адабий чыгармаларда, мектептерге арналган окуу китептеринде, илимий-популярдык эмгектерде, күндөлүк басма сөздө жана оозеки речте кеңири, активдүү колдонулуп жүргөн сөздөр киргизилди. Бул сөздөрдү тандап алууда түзүүчүлөр алардын массага түшүнүктүүлүгүн, адабий нормага ылайыктуулугун ж. б. жактарын эске тутушту.

Кыргыз лексикасы илимге, техникага, маданиятка, кең тармактуу чарбачылыкка, өндүрүшкө, ар кандай кесипчиликке ж. б. байланыштуу эң эле көп жаңы терминдер, профессионалдык лексиканын ар кандай жаңы фактылары менен толукталып, байып отургандыгы жалпыга белгилүү. Булар аркылуу биздин тил байлыгыбыздын кенчин толуктоо, өнүктүрүү жагына улуу орус тилинин канчалык зор таасир кылгандыгын ачык байкоого болот. Бирок бул түшүндүрмө сөздүк филологиялык эмгек болгондуктан, буга жогоркудай фактылардын бардык түрүн ала берүүгө болбойт. Ошондуктан терминологиялык лексиканын профессионалдык тар чөйрөдөн чыкпаган жана мааниси да кеңири массага жеткиликтүү тарабагандары алынбастан, күндөлүк турмушта кеңири колдонулуп, мааниси жалпы массага жеткиликтүү, түшүнүктүү болгон терминдерге гана бул сөздүктөн орун берилди.

Тилдин сөздүк составы жаңы кабыл алынган же сөз жасоонун грамматикалык ыктары менен жасалып чыккан сөздөр аркылуу гана байыбастан, анын мурдагы материалдык негизинин жаңы түшүнүктөрдү билдирип, семантикалык жана стилдик жылыштарга ээ болушу аркылуу да өнүгүп, байып турат. Ошондуктан сөздөрдүн семантикалык структурасын ачуу жана аны иллюстрациялык материалдар менен аныктоо түшүндүрмө сөздүктүн эң башкы милдеттеринен болуп саналат. Бул сөздүктө да иштин ушул жагына көбүрөөк көңүл буруунун аракети жасалды.

Стилдик өзгөчөлүгү, колдонулуш сферасынын чектүүлүгү ж. б. жактары боюнча нейтралдык лексикадан айырмаланып турган сөздөр жана сөздүн айрым маанилери сөздүктө стилистикалык белгилер аркылуу ажыратылды. Бирок муну менен сөздүк бүтүндөй эле стилистиканын милдетин аткарууга тийиш деп түшүнүүгө болбойт. Мындагы стилистикалык белгилер сөздүктүн өз профилине ылайык колдонулат, тактап айтканда, сөздүккө алынган бүтүндөй бир сөздүн же анын айрым маанисинин эмнеге тийиштүү экендигин (профессионалдык мүнөздөбү, динге, мифологияга байланыштуубу, диалектилик лексикабы ж. б. ). колдонулуш өзгөчөлүгүн (өтмө маанидеби, эскирген сөзбү, сүйлөө речиндеби) ж. б. жактарын көрсөтүп, нейтралдык лексикадан ажыратыш үчүн гана мындай белгилерди коюунун зарылчылыгы болду. Бул азыркы кыргыз тилинин бүткүл лексикалык составына стилистикалык мүнөздөмө берүү дегендикке жатпайт.

Уя башында (алфавит тартибинде) берилген сөздөрдүн грамматикалык мүнөздөмөсү төмөнкүдөй принцип боюнча иштелди: а) бардык сөздөрдүн кайсы сөз түркүмүнө жата тургандыгы (зат, сын, сан, ат атоочтордун кайсынысы, этишпи, тактоочпу, сырдык сөзбү, тууранды сөзбү ж.б. ) атайын грамматикалык белгилер менен көрсөтүлүп отурду; б) этиштин мамиле формаларына, кыймыл атоочторго, иреттик сан атоочторго грамматикалык мүнөздөмө берилип, бирок ошол формалар менен келген сөздөрдүн лексикалык маанилери түшүндүрүлгөн жок, анткени мындай маанилер ошол формалар менен келген сөздөрдүн мурдагы (уңгу же негиз түрүндөгү ) турушуна да таандык. Ошондуктан аны бир гана жолу түшүндүрүп, кийинкисине грамматикалык мүнөздөмө берүү толук жетиштүү. Бирок жогоркудай грамматикалык формада турган сөздөрдүн толук лексикалашып, башка сөз түркүмүнө жана башка мааниге өтүп кеткен түрлөрүн (маселен, окуу: окуу китеби, окуу планы; согуш: согуш сыры, согушка каршы күрөшүү ж.б. ) сөздүктө өзүнчө түшүндүрүүгө туура келди. Булардын грамматикалык мүнөздөмөсү сөз түркүмдөрү боюнча гана берилди да, лексикалык маанилери өзүнчө макалада түшүндүрүлдү.

Элдин өткөн турмушу, эски салты, ишеними, чарбачылыгы, коомдук түзүлүшү жана башынан өткөргөн ар кандай тарыхый окуялары жөнүндө баяндаган адабий чыгармаларда, эпостордо же башка фольклордук чыгармаларда кезигүүчү эскирген сөздөр (историзмдер, архаизмдер). диндик түшүнүктөрдү билдирген атоолор да бул сөздүккө алынды жана тийиштүү стилистикалык белгилер менен ажыратылды.

Сөздүккө диалектилик лексиканын бардык түрү алынган жок. Адабий чыгармаларда (белгилүү жазуучулардын, акындардын чыгармаларында) кеңири учураган, жергиликтүү элдин чарбачылыгын, үрп-адатын ж. б. жактарын билдирген жана кеңири аймакка таралган диалектизмдерге бул сөздүктөн орун берилди. Академик К. К. Юдахин өзгөчө белгилеп көрсөткөндөй, кыргыз адабий тили алиге чейин түзүлүү стадиясында, ал диалектилик лексиканы өзүнө камтуу, анын эсебинен толукталуу, баюу доорунан азырынча өткүдөй боло элек (автордун бул пикирин кийинки «Кыргызча-орусча сөздүктүн» башкы сөзүнөн караңыздар). Демек, азырынча адабий лексика менен диалектилик лексиканын ортосуна чек коюу маселеси али чечиле электигин танууга болбойт. Кыргыз тилинин жергиликтүү өзгөчөлүктөрүнүн кайсы фактысы диалектилик лексикага, кайсынысы адабий лексикага жатарын кээде так ажыратууга мүмкүн болбой да калат. Ошондуктан бул сөздүктө диалектилик лексиканын талашсыз фактылары гана диал. деген стилистикалык белги менен ажыратылып, калгандарына мындай белги колдонулган жок.

Мааниси боюнча адабий нормага толук туура келип, бирок тыбыштык түрү боюнча гана өзгөчөлөнүп турган бир катар диалектизмдерди да сөздүккө алууга туура келди. Мындай диалектизмдер адабий тилдин орфографиялык нормасына кабыл алынган негизги түрүнө карай шилтенди (буга мисал катары бакитобулгу деген диалектизмдердин орфографиялык жактан туура деп эсептелген макитабылгы сыяктуу адабий түрүнө шилтенгендигин айта кетсек болот. Сөздүктүн бул өңдүү принциптери жөнүндө «Сөздүктүн курулушу жөнүндө» деген мындан кийинки бөлүгүнөн караңыздар). Бирок сөздүккө кыргыз тилинин жергиликтүү өзгөчөлүктөрүн түзгөн жогоркудай диалектизмдердин бардык түрүн ала берүүнүн зарылчылыгы болгон жок, анткени ансыз деле булардын көпчүлүгүн адабий тилдин орфографиялык нормасына сыйбаган нукура диалектилик факт катарында ажыратып кароого азыр толук мүмкүн болуп калды. Ошондуктан «с» аркылуу айтылган кысыл, таса, кымыс, сарыл (адабий тилде кызыл, таза, кымыз, зарыл). сөз башында «н» түшүрүлүп айтылган ымикеайза (адабий тилде ным, нике, найза). созулма үндүүлөрдүн ордуна дифтонгулар келип айтылган тов, сув (адабий тилде тоо, суу) ж. б. сыяктуу толуп жаткан диалектилик фактылар бул сөздүктө берилген жок.

Кыргыз тилиндеги көп варианттуу сөздөрдүн бардыгын тең эле жогоркудай мүнөздөгү диалектилик фактылардын тобуна кошо берүүгө болбойт. Булардын составында диалектилик чегин так ажыратууга мүмкүн болбогон (тактап айтканда, бир канча диалектилик объектилерди кучагына алган) эң эле көп сөздөр бар. Сөздүктө, мүмкүн болушунча, булардын орфографиялык туура вариантын аныктап көрсөтүү жагына көбүрөөк аракет жасалды. Бирок орфографиялык туура варианты кайсы экендиги азырынча так ажыратылбаган же орфографияда бардык түрүнө тең жол берилип жүргөн көп варианттуу сөздөр кыргыз тилинде али да болсо арбын. Бул сөздүктү түзүп жаткан мезгилде мына ушундай сөздөрдүн орфографиялык вариант деп эсептеле турган негизги түрүн башкаларынан бөлүп көрсөтүүгө толук мүмкүнчүлүк болбоду. Бул өңдүү талаш маселелер чоң орфографиялык сөздүктө чечилиши керек эле. Тилекке каршы, андай сөздүк бул ишти даярдап жаткан мезгилде колго тие элек болчу. Ошондуктан бул сөздүктө орфографиялык жактан талаш туудуруучу жогоркудай сөздөрдүн туурасы бул, туура эмеси бул деп ажыратпастан, бир вариантын негизи кылып алып, ага түшүндүрмө берип, калган варианттарын ошого маанилеш сөз катарында шилтөөгө туура келди. Бул болсо сөздүктүн нормативдүүлүк жагы иштин башынан аягына чейин бирдей деңгээлде аткарылбагандыгын жана анын жогоркудай бир катар объективдүү себептери бар экендигин көрсөтөт. Бирок, толук нормада болбосо да, нормативдүүлүккө тийиштүү маселенин кээ бир жактары сөздүктө мүмкүн болушунча аткарылды. Булар сөздүктүн төмөнкүдөй бир катар принциптеринен ачык көрүнүүгө тийиш: а) стилистикалык белгилерди коюу аркылуу эскирген, сүйлөө речинде, өтмө мааниде колдонулган, диалектилик мүнөздө болгон ж. б. сөздөрдү нейтралдык лексикадан ажыратып берүү; б) көп варианттуу сөздөрдүн орфографиялык туура нормасын мүмкүн болгонунча аныктап көрсөтүү; в) сөздөрдүн жана сөз маанилеринин тилде колдонулушун аныктоочу иллюстрациялык материалдарды келтирүү; г) сөздөрдүн грамматикалык жактан мүнөздөлүшү ж. б. Сөздүктүн мындай нормативдүүлүгү кыргыз адабий тилинин өнүгүшүндө иргелип, калыптанып, жалпы элдик мүнөзгө айланган жана айланып бара жаткан бирдиктүү нормаларга негизделди.

Сөздүккө жөнөкөй формадагы жеке сөздөр гана эмес, татаал лексикалык айкалыштардан турган фразеологиялык материалдар да берилди. Фразеология эң эле кеңири түшүнүккө ээ жана фразеологизмдердин түрлөрү да көп, бирок алардын өтө мүнөздүүлөрүн, тилде кеңири колдонулуп жүргөндөрүн гана алууга туура келди. Тил маданиятынын байлыгын, анын көркөм каражаттарынын кеңдигин көрсөткөн бул сыяктуу материалдар сөздүккө төмөнкүдөй эки түрдүү принцип боюнча жайгаштырылды: а) идиоматикалык айкалыштар жана фразеологизмдердин дагы башка түрлөрү белгилүү бир компонентинин макаласында ромб (⧫) белгиси аркылуу алынып, мааниси түшүндүрүлдү; б) макал-ылакаптар жана фразеологиялык айкалыштардын бир катар башка түрлөрү сөздүккө алынган сөздөрдүн түрдүү контексттеги маанилерин ачуу үчүн мисал катары пайдаланылды.

Сөздүккө элдердин жана уруулардын аттары, энчилүү аттар (адам аттары, географиялык аттар ж. б.). уят (вульгарный) сөздөр, жеке стилде колдонулуучу сөздөр жана сөз маанилери алынган жок.

Түшүндүрмө сөздүктүн эң негизги милдети — сөздүккө киргизилген сөздөргө жана фразеологизмдерге филологиялык справочниктин нормасына ылайыктуу түшүндүрмө берүү. Мына ушул негизги өзгөчөлүгү боюнча гана ал түшүндүрмө сөздүк деп аталат. Түшүндүрмө сөздүк филологиялык эмгек болгондуктан, буга энциклопедиялык сөздүктөрдүн талабын коюу ылайыксыз. Мындагы түшүндүрмө сөздөрдүн лексикалык маанилерин ачуу үчүн өтө мүнөздүү белгилерге таянуу аркылуу жалпылап сыпаттоо, айрым учурда ошол сөздөрдүн синонимдерин колдонуу менен ишке ашырылат. Көп маанилүү сөздөрдүн ар бир мааниси өзүнчө айрым-айрым түшүндүрүлүп, ар бири тийиштүү иллюстрациялык материалдар менен бекемделет. Мына ушул айтылгандарды негизге алып, «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүнүн» бул бир томдугуна алынган сөздөрдүн түшүндүрмөсүн кыска, ачык, жалпы мааниси окугандарга жеткиликтүү болгудай кылып берүүнүн аракети жасалды. Мунун канчалык деңгээлде ишке ашканын сөздүк менен таанышкан адамдар өздөрү айтууга тийиш.

Орус тили аркылуу кабыл алынган терминдердин жана башка сөздөрдүн түшүндүрмөсү негизинен орусча түшүндүрмө сөздүктөргө таянуу аркылуу берилди. Бирок булардын бардык маанилери эмес, кыргыз лексикасына өткөн, түшүнүгү жалпы массага жеткиликтүү болуп, кеңири колдонулуп жүргөн маанилери гана сөздүккө алынды.

Сөздөрдүн тийиштүү маанилерин ачуу иши негизинен түшүндүрүү жолу менен жүргүзүлүп, бирок ошол маанилерди далилдеш, аны дагы толугураак элестетиш үчүн ылайыктуу цитаталар жана сөз айкалыштары кошо тиркелди. Булар адабий чыгармалардан, фольклордон (эпостордон, жомоктордон, макал-ылакаптардан ж. б.). илимий-популярдык, публицистикалык, коомдук-саясий ж. б. мүнөздөгү материалдардан алынды. Айрымдары түзүүчүлөр жана редакторлор тарабынан берилди. Сөздүктүн иллюстрациялык материалдары сөз маанилерин ачуу үчүн гана эмес, ошол сөздөрдүн азыркы кыргыз лексикасында бар экендигин, анын кандай семантикалык бөлүнүштөргө ээ экендигин, стилдик өзгөчөлүгүн (өтмө маанидеби, эскирген сөзбү, диалектилик лексикага жатабы, терминологиялык мүнөздөбү ж.б.) аныктап, акырында аны сөздүккө алууга болобу же жокпу деген суроого жооп бере алат деген максатка ылайык тандалды. Лексикалык мааниси ачык, даана болгон жана семантикалык бөлүнүштөргө ажырап кетпеген терминологиялык лексиканын фактылары сөздүктө иллюстрациясыз берилди.

Бул эмгек филология илимдеринин кандидаты, лексикограф, маркум Жапар Шүкүрович Шүкүровдун жетекчилиги астында Институттун лексикология жана лексикография секторунун төмөнкү илимий кызматкерлери тарабынан түзүлдү: Д. Абдылдаев — К (каада — күлүк). Т (туш — туяктуу); Р. Бекжанова — К (күлүктүк — кыйчылдоо). Т (тура — тутуу). М (мүйүздүү — мына). Ш, Щ; А. Биялиев — Т (текшер — тергөөчү; тү — түйүр). Э, Ю, Я; А. Давлетбаев — А, М (мат — мүйүз). Н, С (саа — сөөк); Д. Исаев — С (сөөктө — сюртук); К. Кырбашев — Б, К (кыйшай — кювет). О, Ө, Т (туу — туфли). Ы; Ж. Мураталиева — В, Г, Д, Е, 3, И, Л, М (маа — масштаб). Т (таа — текче; түйшүк — тюрьма); Ж.Осмонова —М (мындай — мээрман). У, Ү, Ф, X, Ц, Ч; Р. Шамурзина — Ж, П, Р, Т (терде — тур).

Түшүндүрмө сөздүк түзүү иши — кыргыз лексикографиясынын практикасында биринчи ирет колго алынып отурган жаңы иш. Ал эми бул бир томдук болсо, тажабай эмгектенүүнү, талыкпай изденүүнү талап кылган мына ушул татаал иштин алгачкы жемиши. Бул саамалык сектордун лексикографиялык иштерге биринчи ирет катышып отурган жаш илимий кызматкерлери тарабынан даярдалгандыгын да эскерте кетишибиз керек. Ар бир жаңы башталган чоң иштин жаралганда эле телегейи тегиз боло бербеген сыңары, мунун да жеткире иштелбеген мүчүлүш жактары жок эмес. Буга кыргыз лексикасынын бардык материалдары (сөздөр жана сөз маанилери, фразеологизмдер) толук бойдон камтылды деп айтууга болбойт. Академик К. К. Юдахиндин кийинки басылып чыккан көлөмдүү, кыргыз лексикасынын байлыгын кеңири камтыган сөздүгүнөн пайдаланып, мурда берилбей калган кыйла жаңы материалдарды редакциялоо учурунда киргизүү аракети да жасалды, бирок анын бардыгын толук бойдон киргизүүгө редакторлор үлгүрө алышкан жок. Мындай маселелер азыр бир кыйла кеңитилип жана толукталып түзүлүп жаткан кыргыз тилинин эки томдук түшүндүрмө сөздүгүндө эске алыныш керек.

Бул сөздүктүн түзүлүп бүтүп, редакциялык коллегия тарабынан бир сыйра каралып чыккандан кийинки материалынын жалпы абалы тажрыйбалуу лексикограф К. К. Юдахиндин жана бир катар тилчи адистерибиздин катышуусу менен өткөрүлгөн кеңири талкууда ачык белгилүү болгон эле. Талкууда сөздүктүн кол жазмасын басмага даярдоо үчүн редакторлор тарабынан дагы бир топ иштелүүгө тийиш деп көрсөтүлгөн болчу.

Сөздүктүн мындай абалы анын редакциялык ишин тездетүүгө мүмкүнчүлүк берген жок. Сөздүк эки жыл бою редакцияланып, бир топ аракет менен азыркы абалына жеткирилди. Редакциялоо гана эмес, анын материалынын кыйла бөлүгүн кайрадан түзүп чыгууга да туура келди. Бул иш сектордун төмөнкү кызматкерлери тарабынан аткарылды: Э. Абдулдаев — Б, В, Г, Д, Е, Ж, С, Т (таа — тоголок). Ү, Ф, X, Ц, Ш, Щ, Ы,Э, Ю, Я; Д. Исаев — А, 3, И, К, Л, М, Н, О, Ө, П, Р, Т (тоголокто — тюрьма). У, Ч.

Кыргыз лексикасынын байлыгын жыйноочу, изилдөөчү, тажрыйбалуу лексикограф жана бул иштин консультанты катарында академик К. К. Юдахин сөздүктү түзүүчүлөргө өзүнүн баалуу кеңештерин айтып, нечен жолку талкууларга катышып, сектордун ишине көмөктөш болуп келди. Сөздүктүн айрым талкууларына республикабыздагы бир катар көрүнүктүү тилчи адистерибиз да активдүү катышып, иштин сапатын жакшыртуу жагына өз үлүштөрүн кошушту. Сөздүктүн редакцияланып бүткөн кол жазмасын басмага даярдоо иши педагогика илимдеринин кандидаты С. Шатмановдун катышуусу менен аткарылды.

Э. Абдулдаев, Д. Исаев


сөздүктүн КУРУЛУШУ ЖӨНҮНДӨ

 

  1. 1.     Сөздүккө алынган сөздөр алфавит тартибинде берилди. Андан кийин ар

бир сөздүн макаласын түзүүчү материалдар (сөз маанилеринин түшүндүрмөсү же сөздүн грамматикалык мүнөздөмөсү, иллюстрациялык материалдар) жайгаштырылды.

  1. 2.     Сөздөрдүн варианттары төмөнкүдөй тартипте берилди:

а)     Орфографияда бардык варианттарынын жазылышына жол берилген

жана практикада да бардык варианттары кеңири колдонулуп жүргөн сөздөрдүн негизги бир вариантына гана түшүндүрмө берилип, калгандары ошого карай «менен бирдей» деп көрсөтүлүп шилтенди. Мисалы:

БАРДЫК ат. ...

БАРЛЫК бардык менен бирдей.

ГАУХАР каухар менен бирдей.

КАУХАР зат. ...

б)     Эгер көп варианттуу сөздөрдүн орфографиялык нормага туура келбеген

варианттары ачык белгилүү болуп турса, алар туурасына карай шилтенип, төмөнкүчө берилди:

ЖЫГЫРМА туурасы: жыйырма.

ЖЫНЖЫР туурасы: чынжыр.

КАРЫНДАШ II туурасы: карандаш.

в)     Семантикалык жактан окшоштугу бар сөздөрдүн бирөөнө түшүндүрмө

берилип, калгандары ошого маанилеш сөз катарында «менен бирдей» деп көрсөтүлдү. Мисалы:

ДАЛДАЛ зат. ...

ДАЛДАЛЧЫ далдал менен бирдей.

ЖАПАЙЫ сын. ...

ЖАПАН жапайы менен бирдей.

ЖЕРИК талгак менен бирдей.

ТАЛГАК зат. ...

ТАЙГАК сын. ...

ТАЙГАЛАК тайгак менен бирдей.

  1. 3.     Сөздүктө омонимдердин ар бири өзүнчө макала менен берилип, рим

цифрасы аркылуу ажыратылды. Мисалы:

СЫР I зат. (сырдоо үчүн колдонулуучу материал, боёк).

СЫР II зат. (жашырын сыр, ички сыр).

СЫР III зат. (азык үчүн колдонулуучу зат).

Этиш сөздөрдөн турган омонимдердин ар биринин кыймыл атоочтук жана мамиле этиш формалары сөздүктө айрым-айрым макала менен берилбестен, бир гана макалага бириктирилип, төмөнкүчө берилди:

АТКАР I ...

АТКАР II ...

АТКАРУУ аткар этиштеринин кыймыл атоочу.

АТКАРЫЛ аткар этиштеринин туюк мамилеси.

АТКАРЫШ аткар этиштеринин кош мамилеси.

  1. 4.     Сөз түркүмдөрү боюнча аныктоо үчүн сөздүккө алынган ар бир сөздөн

кийин зат., сын., сан., ат., этиш., сырд., бөл. ж.б. сыяктуу грамматикалык белгилер коюлду (булардын жалпы тизмеси «Шарттуу кыскартууларда» берилди).

  1. 5.     Этиштер сөздүккө буйрук ыңгай формасында (ал, бер, иште, текшер)

жана кыймыл атооч (алуу, берүү, иштөө, текшерүү). мамиле этиш (алдырбердириштеттекшерт ж. б.) формасында алынды, бирок түшүндүрмө этиштердин буйрук ыңгай формасындагысына гана берилди. Кыймыл атоочторго жана мамиле этиштерге түшүндүрмө берилбестен, алар кайсы этиштин формасы экендиги гана көрсөтүлдү. Мисалы:

ТЕКШЕР этиш. ...

ТЕКШЕРИЛ текшер этишинин туюк мамилеси.

ТЕКШЕРИШ текшер этишинин кош мамилеси.

ТЕКШЕРТ текшер этишинин аркылуу мамилеси.

ТЕКШЕРҮҮ текшер этишинин кыймыл атоочу.

  1. 6.     Эгер мамиле формасындагы этиштер негизги маанисинен тышкары

турган дагы башка лексикалык мааниде колдонулган болсо, сөздүктө ал маани өзүнчө түшүндүрүлдү. Мисалы:

БААЛАН 1баала этишинин өздүк мамилеси.

2. Өзүн-өзү жогору көтөрүү, маалкатуу.

ЖАНДАТ 1жанда этишинин аркылуу мамилеси.

2. Бир нерсенин четин чыгарып, кыйытып айтуу, каңкуулап айтуу.

Өзү түшүнөр дегенсип, жандатып койду (Сыдыкбеков).

  1. 3.      
  2. 4.      
  3. 5.      
  4. 6.      
  5. 7.     Өз алдынча колдонулбай, ар дайым башка бир сөз менен айкалышып

келүүчү сөздөр төмөнкүчө берилди:

ЖАНСАРчала жансар — ...

ЖАҢСЫЛ: бир жаңсыл — ...

СУЙ: суй жыгылуу — ...

  1. 8.     Дайыма же көбүнчө кайталанып айтылуучу сырдык сөздөр менен

тууранды сөздөр негизги айтылыш формасы боюнча төмөнкүчө берилди:

КҮЧҮкүчү-күчү сырд. ...

КЫТЫ IIкыты-кыты сырд. ...

ЧАҢ IIчаң-чуң туур. ...

ЧЫПчып-чып туур. ...

  1. 9.     Көп маанилүү сөздөрдүн бири-биринен айкын ажырап турган ар бир

лексикалык мааниси араб цифрасы аркылуу айрым-айрым көрсөтүлдү. Сөздөрдүн бул сыяктуу өз алдынча маани болуп бөлүнбөй, бири-биринен азыраак гана өзгөчөлөнгөн оттенкалары үтүрлүү чекит (;) менен ажыратылды.

10.Татаал сөздөр (кош сөздөр, кошмок сөздөр) жана фразеологизмдер

белгилүү бир компонентинин макаласында ромб (⧫)белгисин коюу аркылуу берилди. Эгерде алардын кеңири колдонулуп жүргөн бир нече варианттары бир жерде берилүүгө туура келсе, алардын аралары «же» менен ажыратылды. Мисалы:

⧫ Кан таламай же кан талакей — ...

Эгерде татаал сөздөр же фразеологизмдер бир гана компонентинин

макаласында берилбей, башка компонентинин макаласында да кайталанып берилсе, анда алар бир гана макаланын ичинде түшүндүрүлөт да, экинчи кайталанган жеринде к. (кара) деген белги аркылуу түшүндүрмө берилген макалага карай шилтенет. Мисалы: Ач көз к. көзАч карын к. карынАч күзөн к. күзөн (булар „АЧ I“ деген сөздүн макаласынан келтирилди, түшүндүрмөлөрү ,,КӨЗ“, ,,КАРЫН“, ,,КҮЗӨН“ деген сөздөрдүн макалаларынан каралсын деп шилтенген).

11.Стилистикалык жактан мүнөздөөгө же лексиканын кайсы түрүнө

жатарын (диалектилик лексикагабы, терминологиялык лексикагабы ж. б.) аныктап көрсөтүүгө тийиш болгон сөздөр жана сөз маанилери үчүн сөздүккө атайын шарттуу белгилер колдонулду. Мисалы: суйл. — сүйлөшүү же оозеки речте колдонулуучу сөздөр үчүн алынган белги; эс. — эскирген сөздөр үчүн алынган белги; диал. — диалектилик лексикага жатуучу сөздөр үчүн алынган белги; өт. — өтмө мааниде айтылган сөздөр үчүн алынган белги ж. б. (булардын жалпы тизмеси «Шарттуу кыскартууларга» тиркелди).

12.Сөздүктүн иллюстрациясын кеңитип жибербөө үчүн цитаталарды

кыскараак алууга аракет кылынды. Ошондуктан кээ бир узун сүйлөмдөрдүн айрым бөлүктөрү кыскартылып, ордуна эки чекит (..) коюлуп берилди. Сүйлөмдүн жалпы мааниси түшүнүктүү болсун үчүн кээ бир цитаталардагы түшүрүлүп калган сүйлөм мүчөлөрү чарчы кашаага алынып, ошол цитатанын тийиштүү жерине киргизилди. Мисалы: [Динар] Аскардын таптаза урунган күндөлүгүн.. булгап койгонуна өкүндү (Сыдыкбеков).

13.«Советтик адабият жана искусство» деп аталган журналдан (азыркы

«Ала-Тоо») алынган иллюстрациялык материалдар үчүн сөздүктө «САЖИ» деген кыскартуу колдонулду. Калган журналдар менен газеталардын наамдары толук бойдон берилди.



ШАРТТУУ КЫСКАРТУУЛАР

 

 


ав. — авиация

ад. — адабияттык

анат. — анатомиялык

археол. — археология

архит. — архитектура

астр. — астрономия

ат. — ат атооч

а. ч. — айыл чарба термини

байл. — байламта

биол. — биология

бот. — ботаника

бөл. — бөлүкчө

бухг. — бухгалтериялык термин

вет. — ветеринария

геогр. — география

геод. — геодезия

геол. — геология

грам. — грамматика

дең. — деңиз термини

диал. — диалектилик сөз

дипл. — дипломатия

дин. — диний сөздөр

жанд. — жандооч

ж.б. — жана башка

зат. — зат атооч

зоол. — зоология

иск. — искусство

к. — кара

кино. — кинематография

кул. — кулинария

линг. — лингвистика

мат. — математика

мед. — медицина

метеор. — метеорология

мис. — мисалы

миф .— мифология

мод. — модалдык сөз

муз. — музыка

өт. — өтмө мааниде

пед. — педагогика

полигр. — полиграфия

психол. — психология

радио. — радиотехника

сан. — сан атооч

саяс. — саясий

сог. — согуштук термин

спорт. — спорттук термин

сүйл. — сүйлөшүү, оозеки речте

сын. — сын атооч

сырд. — сырдык сөз

такт. — тактооч

тар. — тарых

театр. — театралдык термин

тех. — техника

т. ж . — темир жол термини

туур. — тууранды сөз

фарм. — фармакология

физ. — физика

филос . — философия

фин. — финансалык термин

фото. — фотография

хим. — химия

эк. — экономика

эл. — электротехника

эс. — эскирген сөз

этн. — этнография

юр. — юридикалык термин