Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү (Карасаев) (kg-kg)

80 000 сөз

 

Толукталып, кайрадан басылышы

 

Бишкек – 2009

 

 

УДК 80/81

ББК 81.2–4

К 97

 

 

Ибрагимов Сүйүнбек, Биялиев Абак, Абдесов Нургалыйдын редакциясы астында даярдалды.

Карасаев Х. К.

Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү – Б.: Мамл. тил ж-а энциклопедия борбору, 2009: – 640 б.

ISBN 978–9967–14–067–7

 

Бул сөздүк Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 26-июнундагы № 567 токтому менен бекитилген «Кыргыз тилинин жазуу эрежелеринин» негизинде кайра толукта­лып, иштелди. Мында Х. Карасаевдин Кыргыз Совет Энциклопедия­сынын Башкы редакциясы тарабынан 1983-жылы басылып чыккан «Орфо­графиялык сөздүгү» жетекчиликке алынды.

 

К   4602030000

М 454 (11) –09

 

УДК 80/81

ББК 81.2–4

ISBN 978–9967–14–067–7

© Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2009.

 

Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү

Кыргыз Республикасынын Президентинин колдоосу менен

Мамлекеттик тилибиздин 20 жылдык урматынаарналып чыгарылды.

 

Кыргыз республикасынын президентине караштуу

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия

 

 

Редакциялык коллегия

 Ибрагимов С. И. (төрагасы),

Абдесов Н. А.,

Андашев Д. Б.,

Биялиев А. Б.,

Жумагулов Т. Р.,

Ибраимов А. Ж.,

Мамытов Ж. М.,

Мамбетжунушов Т. М.,

Маразыков Т. С.

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору

 

КИРИШҮҮ

 Кыргыз Республикасынын эгемен доору башталган күндөн бери (1991) мамлекеттик деңгээлде, кыргыз улутунун  социалдык-экономикалык жашоосунда жана жалпы эле дүйнөлүк  прогресстин айдыңында толуп жаткан өзгөрүштөр, жаңылыктар болуп жатканына күбө болуп келебиз. Илимий-техникалык өрүш, ага байланышкан күндөлүк турмуштагы көз караш, түшүнүк,  аң-сезимдин, маданияттын сакталып келген эрежелерин жаңы нукта карап чыгууга, учурдун талабына ылайык ой жүгүртүүгө түрткү берет.

Даанышман устатыбыз Х. К. Карасаев түзгөн «Орфографиялык сөздүк»   басмадан чыккандан  бери (1983-ж.) чейрек кылым өттү. Бул мезгилдин ичинде дүйнөлүк аренада, кыргыз коомчулугунда канчалык революциялык, эволюциялык өзгөрүүлөр болуп жаткандыгы жалпыга маалым. Коомдун жашоосундагы оош-кыйыштар, жаңы менен эскинин тогошу, экономикалык-саясий гана эмес, рухий жана маданий багыттагы жаңылануу менен өзгөрүүлөр кыргыз тилинин дагы функционалдык, социалдык, саясий жана лингвистикалык мазмунунан байкалып турат. Кыргыз тилинин мамлекеттик тил статусуна ээ болушу анын  Кыргыз Республикасындагы  колдонулуш жана өнүгүш жолунда өзгөчө милдеттерди, аларды ишке ашыруунун толуп жаткан максат-мү­дөөлөрүн күн тартибине койду. Башкасын айтпасак да кыргыз тилинин 1995-жылы жана 2002-жылы (7 жылда эки жолу) сунуш кылынган жазуу эрежелери  кыргызча сүйлөгөн жана жазган жарандардын тилдик сабатына карама-каршы турган  убаракерчилик алып келди.  Жыйынтыгында ал эрежелерди коомчулугубуз   кабыл албай койду. Мындай  абалды жоюу, оңдоо максатында  коомчулуктун жана учурдун өктөм талабына ылайык Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын демилгеси менен иштелип чыккан Кыргыз орфографиясынын соңку редакциясын (өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү менен) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алуу жана колдонуу жөнүндө токтому чыкты  (2008-жыл, 26-июнь, № 567).

Бул токтомго ылайык азыркы кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгүнүн  толукталган жыйнагын басмадан чыгарып, коомчулукка жеткирүү өтө зарыл жана тездикти талап кылган маселеге  айланды. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун макулдугу менен орфографиялык сөздүктүн толукталган вариантын даярдоо окумуштуулардын, мектеп, окутуу практикасында тиш каккан мугалимдердин, массалык маалымат каражаттарын тейлеген чыгаан адистердин атайын тобуна тапшырылды. Көпчүлүктүн, билим-илим өкүлдөрүнүн сунушу боюнча Х. К. Карасаевдин 1983-жылы чыккан орфографиялык сөздүгүнүн негизинде иш башталып, аны толуктоо жана ага кошумчалоо менен кайра басып чыгаруу аракети максатка ылайык деп табылды.

Иштин жүрүшүндө Х. К. Карасаев түзгөн сөздүктү пайдаланып, анда  кездешпеген,  бирок азыр  колдонулуп жүргөн  жана 25 жыл ичинде колдонууга алынган жаңы сөздөрдү, терминдерди  камтууга  туура келди.

Бүгүн  кыргыз тилинин мамлекеттик тил статусуна ээ болуусу менен республикабыздын көпчүлүк жогорку окуу жайларында фундаменталдык, техникалык, жаратылыш таануу жана гуманитардык сабактар боюнча кыргыз тилинде лекциялар окулуп, окуу китептери, окуу куралдары кыргызча жазылып, илимдин тармактары боюнча орусча-кыргызча, кыргызча-орусча, энциклопедиялык, тармактык, терминологиялык сөздүктөр чыгарылды. Аларга байланыштуу толуп жаткан жаңы сөздөр, түшүнүктөр менен катар сөз айкаштары да колдонууга кирди. Ушул себептен реестрдеги  тизмек сөздөрдүн уясында бир кыйла сандагы  кеңири колдонулуп жүргөн кадимки сөз айкаштарын жана  фразеологизмдерди да берүүгө туура келди. Ошондуктан сөздүктө азыркы учурдагы рынок экономикасы, маалымат технологиясы (компьютер, интернет) күнүмдүк турмушка ургалдуулук менен кире баштаганын эске алып, тилибизде мурда учурабаган же өөн сезилген көптөгөн терминдер менен терминдик сөз айкаштарына да орун берилди.

Жалпы элдик кыргыз тилинин жергиликтүү мүнөздөгү  тил байлыгын адабий тилибизде кеңири колдонуу жана толуктоо максатында  диалектилик сөздөр кеңири камтылды.

Сөздүккө төмөнкүлөр тиркеме катары берилди:

1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик түзүмдөрүнүн жазылышы.

Мында министрликтер, комитеттер, ведомстволор, комиссиялар жана аларга караштуу уюмдардын аталышы, айрым эл аралык уюмдардын угулуш жана айтылышынан мисалдар келтирилген.

2. Кыргыз мамлекетинин саясий-административдик бөлүнүшү (областтар, шаарлар, райондор жана айыл өкмөттөрүнүн тизмеси).

3. Топонимдер. Жер-суу аттарынын жазылышы кийинки жылдары бир   топ өзгөрүүгө, кайра оңдолууга дуушар болду. Буларга кошумча  айрым  ата­лыштар өзгөрүлүп, жаңыча айтыла баштады. Туура жаздыруу ниети менен Кыргызстандагы топонимдердин бүгүнкү угулушу  жана жазылышы сунуш этилди.

4. Кыргыз Республикасы 1991-жылдан бери БУУнун (Бириккен улуттар уюму) мүчөсү. Дүйнөлүк саясатта мамлекет, өлкө, ээлик деген статустагы  саясий-административдик түшүнүктөр жашап келет. Алардын борбор шаары жана акча бирдиги көрсөтүлгөн.

5. Иш кагаздарын даярдоо жана толтурууда мекеменин, уюмдун ж. б. аталышынын кыскартылып айтылышы, жазылышы сунушталды.

Сөздүктү коюлган максатка ылайык толуктоо, тийиштүү лексикалык, орфографиялык маалыматтар менен кошумчалоо иштерине катышкан редакциялык топтун өкүлдөрү сөздүктүн  төмөнкү  тамгаларын түзүштү.

1. Абдесов Нургалый – КРнын Эмгек сиңирген мугалими – Б, Г, Е, Ё, Ч  тамгалары менен  башталган сөздөрдүн жана топонимдердин айтылышы менен жазылышы, Кыргыз Республикасынын саясий-административдик бө­лүнүшү.

2. Андашев Дилдебек Бектурсунович – Кыргыз Республикасынын Пре­зидентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын курамындагы Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакторунун орун басары – Л, М, Н, О, Ө тамгалары менен башталган сөздөрдүн  жана  топонимдердин айтылышы менен жазы­лышы.

3. Биялиев Абак – филология илимдеринин кандидаты, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору – К (көздөмөк-кюри чекити), Д, Щ, Ы, Э, Ю, Я тамгалары менен  башталган сөздөрдүн  жана топонимдердин айтылышы менен жазылышы, Кыргыз Республикасынын сая­сий-административдик бөлүнүшү,адабий тилибиздин графикасы менен орфо­графиясынан маалымат жана орфографиянын принциптери.

4. Ибрагимов Сүйүнбек – филология илимдеринин доктору, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын профессору – редакциялык коллегиянын ишине жетекчилик кылуу, А, Ш тамгалары менен башталган сөздөрдүн  жана топонимдердин  айтылышы менен жазылышы, Кыргыз Республикасынын саясий-административдик бөлүнүшү, Кыргыз Өкмөтүнүн  түзүмү жана бийлик структуралары, дүйнөлүк саясаттагы мамлекеттер, өлкөлөр, ээликтердин аталышы, борбор шаарлары жана акча бирдиктери.

5. Ибраимов Азимжан Жаманакович – КР  Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары – В, Ж, З, И тамгалары менен башталган сөздөрдүн жана топонимдердин айтылышы менен жазылышы.

6. Мамбетжунушов Түгөлбай – КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын сектор башчысы – Т, У, Ү, Ф, Х, Ц тамгалары менен башталган сөздөрдүн жана топонимдердин айтылышы менен жазылышы

7. Мамытов Жумаш – филология илимдеринин доктору, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин профессору – П, Р, С тамгалары менен башталган сөздөрдүн, топонимдердин айтылышы жана жазылышы.

8. Маразыков Турусбек Сейдакматович – филология илимдеринин доктору, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз тили кафедрасынын башчысы жана профессору – К (кааба-көздөмөк), Д, Щ, Ы, Э, Ю, Я, тамгалары менен башталган сөздөрдүн жана топонимдердин айтылышы менен жазылышы.

Сөздүктү басмага даярдоо, анын мазмунуна тийиштүү оңдоолор менен тактоолорду сунуштоо же жалпы эле бир системага салуу сыяктуу редакторлук  милдетти Н. Абдесов, Д. Андашев, А. Биялиев, С. Ибрагимов аткарышты.

Колубуздагы орфографиялык сөздүктү компьютерге терүү, оңдоо, тактоо жана сөздөрдү ийине жеткирүү боюнча техникалык, тилчи-адистик корректуралык иштерди аткаруу сыяктуу татаал жана жооптуу милдетти Б. Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин улук окутуучусу Исманкулова Айнура Төлөбековна ишке ашырды жана сөздүктү кайра толуктап түзүүгө катышкан  жогорку адистер ага чоң ыраазычылык билдирет.

Мындай жоопкерчиликтүү зор ишке жалпы жетекчилик жүргүзүп, анын уюшкандыкта, сапаттуу жана өз убагында аяктоосуна Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Жумагулов Ташбоо Рахманбердиевичтин салымы зор экендигин баса белгилейбиз.