.apk файлды жүктөп алуу"Эл-Сөздүк" кыргызчадан орусчага, англисчеге жана түркчөгө (ошондой эле тескери багытта) тез которуу мүмкүнчүлүгүн берет. Интернет аркылуу жеткиликтүү болгон сөздүктөр кошулуп, жалпы сөздөрдүн базасы - 250 000ди түзөт. Колдонмодо издөө тарыхын көрүү, тандалмалар тизмесин түзүү мүмкүнчүлүктөрү бар.

“Эл-Сөздүк” менен эң популярдуу сөздүктөр ар дайым жеткиликтүү: К.К. Юдахиндин кыргызча-орусча, орусча-кыргызча сөздүктөрү жана Т. Абдиев менен Л. Сыдыкованын кыргызча-англисче, англисче-кыргызча сөздүктөрү. Бул сөздүктөр колдонмо менен чогу орнотулат. Колдонмодо котормо издөө бирдей 2 багытта тең жүргүзүлөт: орнотулган сөздүктөрдүн базасынан жана интернет аркылуу “Эл-Сөздүктүн” онлайн базасынан.

Сөздүктөр менен бирге кыргызча-орусча-англисче сүйлөшмөгө жана 2000 сөздөн турган жыштыктык сөздүккө ээ болосуз. Алар англисче, орусча котормолору жана аудио файлдар менен жабдылган.

  • * Сөздөрдү жана фразаларды издөө
  • * Издөө тарыхын сактоо
  • * Тандалмалар тизмегин түзүү
  • * Айтылыштардын аудио файлдары

Андроид түзмөктөрү үчүн Эл-Сөздүк колндонмосу:


Учурдагы версиясы: 1.4.2

Жаңы версиядагы өзгөрүүлөр:

- Кыргызча тамгалардын виртуалдык клавиатурасы (ө, ң, ү) кошулду;
- Издөө тарыхын тазалоо мүмкүнчүлүгү;
- Жыштыктык сөздүктөгү сөздөрүн аудио файлдары кошулду;
- Колдонмонун иштөөсү жакшыртылды.

Көлөмү: 9,8 MБ

Керектелүүчү Android версиясы: 2.2 же андан жогору

Жүктөп алуу: .apk файл же Play Маркеттен жүктөп алуу: 


iOS түзмөктөрү үчүн Эл-Сөздүк колдонмосу:


Учурдагы версиясы: 1.4

Көлөмү: 14,9 MБ

Керектелүүчү iOS версиясы: iOS 7.1 жана жогору

Тилдери: Орусча, Кыргызча жана Англисче

Жүктөп алуу: 

AppStore'дон жүктөп алыңыз