Чоробек Сааданбеков - жылдын IT персонасы

21 февраль 2017 ж.
Чоробек Сааданбеков - жылдын IT персонасы

Кыргыз тилинин өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн жана аны IT тармагына, интернетке киргизип, өнүктүрүп жаткандыгы үчүн биздин команданын жетекчиси Чоробек Сааданбеков, маалымат технологиялары боюнча өткөн КИТ форумунда жылдын IT персонасы наамына ээ болду. Бул жетишкендик менен жалпы команданын атынан чын жүрөктөн куттуктайбыз!